КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 14.12.2022


Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги 65-отуруму видеоконференция режиминде болуп өттү.

Бул иш-чарага КМШнын мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын төрагалары жана төрагалардын орун басарлары катышты.

Отурумдун жүрүшүндө региондун статистикалык кызматтарынын жетекчилери КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин 2023-жылга карата иш программасын, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жана КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин ишин жөнгө салган бир катар ченемдик документтерди бекитишти.

Отурумдун жыйынтыгы, ошондой эле Кеңештин чечимдери жана тиешелүү материалдар белгиленген тартипте КМШнын Аткаруу комитетинин кароосуна киргизилет.

Кеңештин ишине Улутстаткомдон Төраганын биринчи орун басары Айнура Орозбаева катышты.

 

 


Акыркы жаңылоо: 14.12.2022, 16:31