Улутстаткомдун кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен маалыматтардын аныктыгы маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүүдө

Басылмалардын датасы: 16.12.2022


Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен, райондук жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, жер ресурстарынын өкүлдөрү менен бирдикте Улутстатком жер-жерлерде баштапкы статистикалык маалыматтарды сапаттуу чогултуу, ошондой эле азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында жүргүзүлүп жаткан малды жана үй канаттууларын бир жолку эсепке алуу маселелерин талкуулашат.

Айыл өкмөтүнүн, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери менен аймактык статистика органдарынын кызматкерлери өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Статистиканын коом үчүн мааниси баса белгиленди, анын маалыматтары регионалдык маалыматтын негизинде түзүлөт, анын тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө маанилүү чечимдерди даярдоо мамлекеттик деңгээлде гана эмес, эл аралык деңгээлде да көз каранды.

Улутстаткомдон иш-чараларга Төраганын биринчи орун басары Айнура Орозбаева, төраганын орун басарлары Бакытбек Шокенов жана Зайнидин Жумалиев, ошондой эле статистиканын тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары жана адистери катышууда.

Жалал-Абад облусу

Баткен облусу

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Ош облусу
Нарын облусу
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Чүй облусу
 
 

Акыркы жаңылоо: 16.12.2022, 15:11