Республикада мунайзат продуктуларына болгон суроо-талап негизинен аларды импорттоонун эсебинен толукталды

Басылмалардын датасы: 27.12.2023


Улутстатком иштеп чыккан отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча 2022-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстун көлөмү 17,8 млн. тонна шарттуу отунду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 0,9%  көбөйдү, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу 0,2% азайды.

Отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча республиканын ички рыногундагы отун-энергетикалык ресурстардын жалпы көлөмүнөн жалпысынан 13,8 млн.тонна шарттуу отун керектелди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,8% аз.

2022-жылы көмүр казып алуунун көлөмү 3,8 млн. тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 23,3%, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Негизинен көмүр ички рынокто колдонулат, ал эми анын жалпы керектөө көлөмүндөгү үлүшү 42,6%  түздү.

Мунайзат продуктуларына болгон республикалык суроо-талап негизинен импорт менен толукталат.

2022 - жылы 115,3 миң тонна дизелдик отун өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 19% көп, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу 45,4% көп. Мында анын импорт боюнча келип түшүүсү 2018-жылга салыштырмалуу 30,5% азайды жана 490,6 миң тоннаны түздү.

Автоунаа бензини 24,3 миң тонна өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 17,4% көп, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу дээрлик 89% аз. Өткөн жылга салыштырмалуу анын импорттук жеткирүүлөрү 6,5%  аз, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу  8,5% азайды.

2022 - жылы 163,9 миң тоннадан ашык күйүүчү мазут өндүрүлгөн, бул 2018-жылга салыштырмалуу 4,7% көп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 8,3% көп. Мында мазуттун импорттук келип түшүүлөрү беш жылдык мезгил ичинде 97%  азайган.

Жалпысынан 2022-жылы отун катары түздөн-түз керектөөгө дизелдик отундун жалпы керектөөсүнүн 88%,  73%  унаа бензининин жана 19% күйүүчү мазуттун сарпталган.

Республиканын авиациялык керосинге болгон муктаждыгы импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен толук канааттандырылат.

2022-жылы чийки мунайзат ресурстарынын жалпы көлөмүнүн 295 миң тоннасы же дээрлик 99% казып алууга туура келген. Өндүрүш жана отун эмес керектөөлөр үчүн материал катары дээрлик 298  миң тонна мунайзат же жалпы бөлүштүрүүнүн 99,7% жакыны керектелген.

2022-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын 89,5% Россиядан импорттоонун эсебинен камсыздалган. 2018-жылга салыштырмалуу аны казып алуу 2,6 млн. куб. метрге же 9,5%  көбөйдү жана 29,9 млн. куб. метрди түзгөн. Отун катары түздөн-түз керектөөгө 293,7 млн. куб. метр же газдын 66%,  энергиянын башка түрлөрүнө айландырууга- 125,3 млн. куб. метр же газдын 28% сарпталды.

2022-жылы 13,9 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2021-жылга салыштырмалуу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 8,3%, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу 11,7% азайган. Анын көлөмүнүн 86% жакыны ГЭСтерде өндүрүлөт. 2022-жылы 16,1 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелген. Республиканын чегинен тышкары 550 млн. кВт/саат электр энергиясы берилген (экспорттолгон).

2022-жылы жылуулук энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 3,1 млн. гигакалорияны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,9% аз, ал эми 2018-жылга салыштырмалуу 1,8% аз. Жылуулук энергиясынын бардык көлөмү республиканын ички рыногуна жөнөтүлөт.

 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 27.12.2023, 16:19