Экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталууда

Басылмалардын датасы: 13.05.2023


Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264,5 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131,1 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу  химиялык продукциянын (32,0 пайызга), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19,3 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18,4 пайызга), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (12,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,5 пайызга), негизги металлдардын (1,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12,7 пайызга) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4,6 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 3,5 пайызды, айыл чарбасында 2,0 пайызды, дүң жана чекене соодада 16,5 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 3,4 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 6,1 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,3 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга-2,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер 3,5 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын (6,8 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (6,1 пайызга) жогорулашы менен шартталды.

Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында 2,7 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 25,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 15,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,4 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында 825,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 13,3 пайызга көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 14,6 пайызга кыскарган.

2023-жылдын январь-мартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (61,2 пайыз) жана Казакстанга (36,2 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Импорт                                                                                                   Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2022-жылдагы саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө

2. 2021-жылдагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын (БэФКУ) ишмердигинин көрсөткүчтөрү

 

Акыркы жаңылоо: 13.05.2023, 11:52