Улутстаткомдо улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата салтанаттуу иш- чара өттү

Басылмалардын датасы: 11.12.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде 2023-жылдын 11-декабрь күнү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жылдыгына жана кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, кыргыз тили тууралуу айткан ойлору чагылдырылган видеороликти көрсөтүү менен башталды. Улутстаткомдун борбордук аппаратынын жана ведомстволук мекемесинин кызматкерлери төрт топко бөлүнүшүп, иш-чара конкурс түрүндө өткөрүлдү. Топтор Ч.Айтматов тууралуу ырларды жана анын чыгармаларынан монологдорду көркөм окушуп, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн” жана “Жамийла” повесттеринен сахналаштырылган үзүндүлөрдү коюшту. Андан соң залкар жазуучунун  калемине жана чыгармаларына таандык болгон обондуу ырларды аткарышты. Ар бир аткарылган номерлер калыстар тобу тарабынан бааланып, иш-чаранын аягында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.     
Үч айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин бардык ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүндө кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламына арналган маданий иш-чаралар уюштурулду.


Акыркы жаңылоо: 13.12.2023, 15:01