Республиканын калкынын иш менен камсыздуулук деңгээли көбөйдү, ал эми жумушсуздуктун деңгээли - азайды

Басылмалардын датасы: 18.07.2022


Бул жөнүндө 2021-ж. Улутстатком өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары күбөлөндүрөт.

2021 - жылы изилдөөнүн маалыматтары боюнча 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллионго жакын адамды түздү, алардын ичинен 2,5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуздар. 2020 - жылга салыштырмалуу 15 жана андан улуу жаш курактагы иштеген калктын саны 4  пайызга көбөйдү, ошол эле убакытта жумушсуздардын саны 5 пайызга азайды. Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1,6 млн.) иштеген аялдардын санынан (965 миң) ашат.

2021 – жылы калктын иш менен камсыздуулук деңгээли 57 пайызды түздү, бул 2020-ж. салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка көп. Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (72,5 пайыз) аялдарга караганда (42,4 пайызга) жогору. Жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызды түзүп 2020-ж. салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.      

__________________________________________

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү  |e-mail:jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312)  62 60 76

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

18.07.2022ж.


Акыркы жаңылоо: 18.07.2022, 13:40