Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү көбөйдү

Басылмалардын датасы: 12.10.2015


2015-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясы 126,6 млрд. сом суммасында өндүрүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17,4 пайызга көп.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн (39,2 пайызга), металл кендерин казуунун (алты эсеге) жана мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн (2,3 эсеге) көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда өндүрүштүн көлөмү 2 пайызга көбөйдү. Токтотуучу фактор 2014-ж. деңгээлинен текстиль өндүрүшүндө (4,1 пайызга), кийимдерди (26,6 пайызга), электр жабдууларын (14,0 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүдө (8,5 пайызга), электр энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүдө (7,1 пайызга) сакталып калган артта калуу болуп саналат.

 

Өнөр жай статистикасы бөлүмү

e-mail abdrahmanova@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

______________________________________________________________________________________________________________

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.10.2015, 15:59