2021-жылы акыркы 5 жылдын ичинде рентабелдүүлүктүн эң жогорку деңгээлине жетишти

Басылмалардын датасы: 26.07.2022


2021-жылы  Кыргыз Республикасынын экономиканын реалдуу секторунундагы ишканалардын ишмердиги алардын экономикалык жигердүүлүгүн калыбына келтирүү менен мүнөздөлгөн, бул COVID-19 пандемиясынан кийинки кырдаалды турукташтыруу менен шартталды.

Натыйжада, өткөн жылга салыштырмалуу рентабелдүү ишканалардын саны өстү, дүң кирешенин өсүү темпи көбөйдү, операциялык эмес ишмердиктен чыгымдар төмөндөдү, бул акыркы беш жылдагы рентабелдүүлүктүн эң жогорку деңгээлин жана сальдолоштурулган пайданын эң чоң көлөмүн камсыз кылды.

2021-жылы экономиканын реалдуу секторунда 22 миңге жакын ишканалар жана уюмдар ишмердигин жүргүзүштү. Жылдын жыйынтыгы боюнча алар тарабынан оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык  94 млрд. сом өлчөмүндө пайда алынды, бул өткөн жылдын көлөмүнөн дээрлик 9 эсеге ашты.

2021-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган сальдолоштурурулган пайданын олуттуу көлөмү акыркы беш жылдын ичинде эң чоң сатуулардын рентабелдүүлүк өсүүсүн шартталды, анын деңгээли дээрлик 15% жетти. Ошентип, республиканын ишканалары тарабынан алынган дүң кирешенин 1 сомунан орточо 0,15 сом (15 тыйын) пайда алынды.

2021-жылы финансылык ортомчулук уюмдары, соода, балык уулоочулук жана балык өстүрүү, маалымат жана байланыш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү ишканалары, кыймылсыз мүлк операциялары чөйрөсү, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик ишканалары сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку (20% жогору) деңгээлине жетишти.

Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү  

(пайыз менен)

 

2017

2018

2019

2020

2021

Бардыгы

6,7

6,4

10,3

2,1

14,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык

 уулоочулук

15,6

6,3

7,7

10,8

14,0

Пайдалуу кендерди казуу

12,0

10,4

15,0

-23,8

17,4

Иштетүү  өндүрүшү

10,1

8,1

9,4

10,7

14,9

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган

 аба менен камсыздоо

-22,6

-11,0

-5,8

-38,8

-17,0

Cуу  менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
   иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

-6,1

-1,8

0,8

-4,4

0,1

Курулуш

3,6

3,1

2,7

1,4

4,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
   жана мотоциклдерди оңдоо

22,7

20,3

22,9

14,8

35,4

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

15,3

10,5

23,0

10,4

21,1

Мейманканалар жана ресторандар

-7,4

-2,5

-6,1

-88,9

-10,0

Маалымат

17,5

12,0

14,5

12,5

23,0

Байланыш

20,3

17,9

17,9

9,9

25,5

Финансылык ортомчулук

20,6

30,9

15,5

21,0

38,3

Кыймылсыз мүлк операциялары

21,8

17,0

24,0

-9,4

21,7

Кесиптик, илимий жана техникалык

 ишкердик

-60,5

-49,9

-3,0

-78,1

21,9

Административдик жана көмөкчү ишмердик

16,0

14,1

15,8

7,6

17,9

Билим берүү

3,1

3,7

5,1

4,9

13,9

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык

жактан тейлөө

4,8

7,0

8,4

-0,9

13,6

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

-3,5

4,1

-3,3

-44,3

-2,4

Башка тейлөө ишмердиктери

22,8

19,2

8,5

7,2

17,3

Муну менен катар, мунайзат продуктуларын өндүрүү ишканалары (-128,6%), химиялык өнөр жай (-25,9%), электр энергияны өндүрүү (чыгаруу), аны берүү жана бөлүштүрүү ишканалары (-23,6%) тарабынан  рентабелдүүлүктүн (чыгашалуулуктун) терс маанилери түзүлдү.

Мындан тышкары, рентабелдүүлүктүн эң жогорку деңгээли 2020-жылы катталган мейманкана жана ресторан кызматтарын көрсөтүү, ошондой эле искусство, көңүл ачуу жана эс алуу чөйрөсүндөгү уюмдарга келсек, 2021-жылы ал тиешелүүлүгүнө жараша 9 жана 18 эсеге кыскарды.

_______________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 26 июлу


Акыркы жаңылоо: 26.07.2022, 15:08