2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшүнүн жогорулаганы белгиленди

Басылмалардын датасы: 09.12.2022


 Кыргыз Республикасында өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн  (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү 2021-жылы 155 млрд. ашык сомду же ИДПга карата 21 пайызды түздү.

            2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын ИДПга карата үлүшү мурунку жылга салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка жогорулады, бул чекене соода, мейманканалар жана ресторандар, ошондой эле иштетүү өндүрүшү тармактарындагы үлүштѳрдүн жогорулашы менен  шартталды (тиешелүүлүгүнө жараша 0,2 пайыздан).

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү
  (ИДПга карата пайыз менен)

Муну менен катар, 2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу 2,6 пайыздык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода тармагынын үлүшүнүн (3,0 пайыздык пунктка) кыскарышы менен шартталды.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн  экономика*
  (ИДПга карата пайыз менен)

* Айыл чарбасын кошпогондо.

 

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.12.2022, 16:43