2022-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча кайрылгандардын 92 пайызга жакыны - аялдар

Басылмалардын датасы: 13.12.2023


2022-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 10 миңге жакын адам кайрылган, алардын көпчүлүгү (92 пайызы) – аялдар.

2022-жылы социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын саны

 

Кайрылгандардын саны

алардын ичинен үй-бүлөдөгү (үй) зомбулук фактылар боюнча кайрылгандар

бардыгы

аялдар

эркектер

бардыгы

аялдар

эркектер

  Кайрылгандардын саны

14 525

11 471

3 054

9 959

9 131

828

   анын ичинде:

 

 

 

 

 

 

   аксакалдар сотуна

2 377

1 197

1 180

809

398

411

   кризистик борборлорго (ассоциациялар)

10 633

9 958

675

9 053

8 651

402

   кайрымдуулук, коомдук фонддорго

1 515

316

1 199

97

82

15

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жана кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылгандардын көпчүлүгү (39 пайызы) 18–34 жаштагы кыз-келиндер, ал эми улгайган курактагы аялдар аз кайрылышат. Аялдардан айырмаланып, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жана жардам сурап кайрылган эркектердин жаш курагы курактык топтор боюнча бирдей бөлүштүрүлгөн.

Калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөткөн мекемелерге жана кризистик борборлорго кайрылгандардын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктан  жабыркагандардын саны

 

2021

2022

бардыгы

аялдар

эркектер

бардыгы

аялдар

эркектер

Кайрылгандардын санын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар

10 275

9 332

943

9 959

9 131

828

   курактык топтор боюнча, 
   жашы:

 

 

 

 

 

 

        14 жашка чейин

286

276

10

156

84

72

        14-17

333

284

49

270

215

55

        18-34

3 151

2 984

167

3 679

3 578

101

        35-39

3 281

2 939

342

2 726

2 518

208

        40-49

2 253

2 076

177

1 978

1 758

220

        50 жана улуулар

971

773

198

1 150

978

172

 

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына кайрылууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси «Расмий статистика жөнүндө»).


Акыркы жаңылоо: 13.12.2023, 09:59