2023-жылы лизинг келишимдеринин олуттуу өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 29.03.2024


2023-жылы лизинг ишмердигин* 20 компания жүргүздү, алар менен 3 миңге жакын келишим түзүлдү, ал эми 2022-жылы алардын саны 2 миңге жакын келишимди түзгөн. Мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

Мындай келишимдердин жалпы наркы 2023-жылы 6,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 1,7 эсеге ашты.

Финансылык лизингдин түзүмүндө транспорт каражаттары лизинг предмети болгон келишимдердин наркынын үлүшү 2022-жылы 17,5 пайыздан 2023-жылы 27,8 пайызга чейин көбөйдү, ошол эле убакытта айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 12,3 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Муну менен бирге 2023-жылы финансылык лизинг келишимдеринин эң чоң суммасы (3,0 млрд. сом же 44,2 пайыз) курулуш-жол техникаларды, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Лизинг предметтери боюнча финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн келишимдердин наркы
(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

*Лизинг ишмердиги - лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же зайымдык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

 

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.03.2024, 15:39