Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды

Басылмалардын датасы: 12.07.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 6,3% жогорулоо менен 335 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 309 млрд. жакын сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,9% жогорулады.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 9,4% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-июнунда тескерисинче 8,9% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 4,0% өстү (2021-жылдын январь-июнунда 4,6% өскөн).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (48,0%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ушул аралыкта 0,5 пайыздык пунктка  төмөндөп, 35,7% түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 21,3 % түздү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 9,2 % түздү жана тескерисинче 0,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

2022-жылдын январь-июнундагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2021                      2022

ИДП

335 320,2

106,3

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

119 591,6

109,4

36,2

35,7

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

30 665,7

102,0

9,9

9,2

Өнөр жай

71 578,3

114,6

20,7

21,3

Пайдалуу кендерди казуу

9 355,7

109,4

1,7

2,8

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

49 940,2

120,8

15,0

14,9

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

11 218,8

93,8

3,6

3,3

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 063,6

94,6

0,4

0,3

Курулуш

17 347,6

103,4

5,6

5,2

Кызмат көрсөтүү тармактары

160 921,3

104,0

48,5

48,0

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

50 553,0

106,6

14,6

15,1

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

15 080,0

115,5

4,4

4,5

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

3 154,7

113,7

0,9

0,9

Маалымат жана байланыш

8 861,8

102,9

3,1

2,6

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

83 271,8

100,4

25,5

24,9

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

54 807,3

106,3

15,3

16,3

________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.07.2022, 17:32