Биринчи жарым жылдыкта жол-кырсыктарынын корсоткучунун томондошу транспортто катталды

Басылмалардын датасы: 05.08.2022


Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министирлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча ушул жылдын январь-июнунда республиканын аймагында 3 миң жол-транспорт кырсыктары катталган. Мындай окуялардын саны өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11%га жакыны кыскарды. Алардын эң көп үлүшү Бишкек шаарында (44 %), Чүй (20% жакыны) жана Ош (9 % жакыны) облустарына туура келди.

Жол-транспорт кырсыктарынан 4 629 адам жабыр тартты, бул 2021-ж. январь-июнуна салыштырмалуу 8,7% аз, каза болгондор 248 адам же 24,6 % аз.

Январь-июнда балдардын катышуусу менен болгон 802 жол-транспорт кырсыктары катталып, бул дээрлик өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинде калды. Жол кырсыктардын эсебинен 37 бала каза болуп, 929 бала жабыр тартты.

Алкоголь ичимдигин ичип мас абалындагы айдоочулардын катышуусу менен болгон 185 жол-транспорт кырсыктары катталган, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 7,5 % аз.

______________________________________________

Керектөөчү рынок статистикасы, МКТ, туризм жана социалдык статистика   башкармалыгы| e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 32-46-50, 66-41-66

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.08.2022, 17:28