Улутстаткомдо статистикалык маалыматтарды региондук өнүктүрүү үчүн пайдалануу маселелери талкууланды

Басылмалардын датасы: 26.03.2022


Улутстаткомдо жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү менен аймактык өнүгүүнүн маалыматтарын пайдалануу чөйрөсүндө жарандык коомдун коалицияларынын жана бизнестин кызматташтыгынын мүмкүн болгон формалары жана перспективалары боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү тарабынан «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» (EGED)  регионалдык долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжалары жана маалыматтарга негизделген башкарууну өркүндөтүүдөгү жарандык коомдун ролу жөнүндө маалымат берилди.

Коммерциялык эмес уюмдарга статистикалык маалыматтарды берүү жана алардын ИДПга кошкон салымын аныктоо, колдонуучулар үчүн үзгүлтүксүз негизде окутуу жүргүзүү, региондук өнүгүүнүн коомдук маанилүү маселелеринде негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жарандык коом жана коммерциялык түзүмдөр талап кылган статистиканы өндүрүү үчүн административдик маалыматтарды пайдалануу маселелери каралды.

          

          

 


Акыркы жаңылоо: 26.03.2022, 12:54