Улутстаткомдо климаттын өзгөрүшү жаатындагы статистика маселелери талкууланууда

Басылмалардын датасы: 16.05.2023


Улуттук статистика комитетинде “Ресурстар жана Консалтинг” илимий-техникалык борборунун эксперттерин тартуу менен Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялык чараларды орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгуу процессин илгерилетүү” долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүшүнүн статистикасы маселелери боюнча үч күндүк семинар өтүүдө. Семинардын максаты климаттын өзгөрүшү жаатында статистиканы өндүрүүчүлөрдүн жана колдонуучулардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов климаттын өзгөрүү статистикасы жаатындагы көрсөткүчтөрдүн улуттук топтомун даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул топтом 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн программасынын, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү максаттары, БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө Париж келишими сыяктуу эл аралык милдеттенмелердин негизги иш-чараларынын бири болуп саналарын баса белгилеп кетти.

Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн көрсөткүчтөрүнүн репрезентативдик топтомун даярдоо үчүн ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын, климаттык тобокелдиктерге жана өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө өбөлгө түзөрүн жана туруктуу өнүгүү үчүн натыйжалуу саясий чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөөрүн баса белгиледи.

Семинардын ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.


Акыркы жаңылоо: 16.05.2023, 16:24