Улутстаткомдо кеңейтилген коллегиянын отуруму өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 13.02.2017


Бүгүн, 13-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде Коллегиянын кеңейтилген отуруму, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Борбордук аппараттын, БЭБ жана РМБ өкүлдөрүнүн, мамлекеттик статистиканын облустук, (шаардык) башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен өтүп жатат.

2016-жылда мамлекеттик статистика органдарынын иштеринин жыйынтыктары жана 2017-жылга тапшырмалар боюнча доклад менен чыгып, КР Улутстаткомунун төрагасы Акылбек Султанов, өткөн жылдагы Улутстаткомдун ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин жана 2017-жылы аткарылуучу иш пландарын белгиледи. Анын айтымында,  үстүбүздөгү жылда, маалыматтарды респонденттерден электрондук жыйноо, структуралык бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык базасын  жана статистика органдарында иштеген кызматкерлердин материалдык абалын жакшыртуу маселелери каралат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан, экономика жана инвестиция бөлүм башчысынын орун басары Утурова Динара Жолдошовна, саламдашуу менен сүйлөп, өткөн жыл жаратман жана өндүрүмдүү эмгек менен аяктагандыгын, мамлекеттик статистика органдарынын ишин канаатандыраарлык деп эсептесе болорун жана, мындан ары, статистика органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча Улутстаткомдун жетекчилигинин бардык сунуштары колдоого алынаарын белгиледи.

Мамлекеттик статистика органдарынын мыкты кызматкерлери жыл жыйынтыгы боюнча дипломдорду алышты.

Коллегиянын кеңейтилген отурумунда, ошондой эле, Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары А.Оросбаев, орун басарлары -  Л.Текеева, Б.Касымбеков, Чүй облустук статистика башкармалыгынын башчысы А.Шакулов, Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын жетекчиси К.Исалиевтер чыгып сүйлөштү.

 


Акыркы жаңылоо: 13.02.2017, 14:47