Улутстаткомдо жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 12.07.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде жарым жылдын жыйынтыгы боюнча кезектеги маалымат жыйын өткөрүлдү.

Журналистерге 2022-жылдын январь-июнундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева баяндама жасады.

Андан соң, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын эсепке алуу жана 2022-жылдын түшүмүнө айдоо аянттарын пайдалануунун жыйынтыктары боюнча УР Улутстаткомдун айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлзейнеп Мурсабекова баяндама жасады.

          

          

          

         

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 13.07.2022, 09:44