Улутстаткомдо БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Басылмалардын датасы: 20.07.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 20-июлунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын өкүлдөрү Грейс Санико Стеффан жана Г.М. Дутра менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун биринчи орун басары Айнура Орозбаева эл аралык өнөктөштөргө ведомствонун жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

“Улутстатком туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү үчүн жооптуу орган болуп саналат. Улутстатком ТӨМдүн 171 көрсөткүчүнө көз салып турат, алардын ичинен 110 глобалдык жана жеткиликтүү дезагрегация менен 61 улуттук, ошондой эле алар үчүн метамаалыматтар (методология). Бардык көрсөткүчтөр SDMX форматында жайгаштырылган. Көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасындагы ТӨМдүн улуттук отчеттуулук платформасында жайгаштырылган”, - деп белгиледи Айнура Орозбаева жолугушуунун жүрүшүндө. 

Өз кезегинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын өкүлү Грейс Санико Стеффан кабыл алуучу тарапка БУУнун ушул түзүмдүк бөлүмүнүн иши жөнүндө маалымат берди.

“БУУ тарабынан адам укуктары маселелери боюнча конвенциялар жана башка эл аралык документтер кабыл алынат. Биздин Башкармалык дүйнө өлкөлөрү боюнча туруктуу мониторинг жүргүзөт жана адам укуктарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо чөйрөсүндө ишке ашырылган чаралар боюнча отчетторду кабыл алат. Ошондой эле ТӨМдү ишке ашыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз”,- деди Грейс Санико Стеффан жолугушуу учурунда.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, тараптар КР Улутстаткому жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы Кыргыз Республикасында 2014-2020, өзгөчө ТӨМ 16 Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары да улантат деген ишенимин билдиришти.

             

             

 


Акыркы жаңылоо: 21.07.2022, 11:32