Ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы социалдык жактан маанилүү болгон тамак-аш азыктарынын максималдуу баалары Москвада катталды

Басылмалардын датасы: 21.12.2022


Ыкчам маалыматтар боюнча 2022-жылдын ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин калган борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

2022-жылдын ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы негизги  тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

 (килограмм, АКШ доллары1)

 

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

6,73

6,31

9,81

5,04

Койдун эти

6,16

6,44

12,12

-

Ак (каймак) май

5,12

9,12

17,99

9,05

Пастеризацияланган сүт, литр

0,93

0,74

1,44

0,73

Жумуртка, ондук

1,29

1,14

1,56

1,31

Биринчи сорттогу буудай уну

0,64

0,63

0,98

0,58

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,75

0,42

1,78

0,92

Картошка

0,38

0,30

0,56

0,40

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.
(-) - Өкүл товардын жоктугу.

2022-жылдын ноябрь айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинен картошканын максималдуу орточо чекене баасы (1 килограммы 0,56 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограммы 0,30 АКШ доллары) Астана шаарында белгиленди. Ушул эле мезгилдин ичинде уй этинин (1 килограммы - 5,04 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литри 0,73 АКШ доллары) жана биринчи сорттогу ундун эң төмөнкү баасы (1 килограммы 0,58 АКШ доллары) Минск шаарында, ак каймак майынын (1 килограммы 5,12 АКШ доллары) жана кой этинин эң төмөнкү баасы (1 килограммы 6,16 АКШ доллары) Бишкек шаарында, жумуртканын (он даанасы 1,14 АКШ доллары) жана нандын эң төмөнкү баасы (1 килограммы 0,42 АКШ доллары) Астана шаарында  байкалды.

2022-жылдын ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм,АКШ,доллары)

2022-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында уй этинин орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарында байкалган баадан 25,1 пайызга, Астана шаарында байкалган баадан 6,2 пайызга, ал эми пастеризацияланган сүттүн орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарында байкалган баадан 21,5 пайызга, Астана шаарында байкалган баадан 20,4 пайызга жогору болду. Бишкек шаарында жумуртканын орточо керектөө баасы Астана шаарындагы (11,6 пайызга), ал эми биринчи сорттогу ундун орточо керектөө баасы Минск шаарындагы (9,4 пайызга),  биринчи сорттогу ундан жасалган нандын (44,0 пайызга) жана картошканын орточо керектөө баасы Астана шаарындагы (21,1 пайызга) баалардын деңгээлинен жогору болду.

2022-жылдын ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы

Баалар менен орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн  катышы

 

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

93,8

145,8

74,9

Койдун эти

100

104,5

196,8

-

Ак (каймак) май

100

178,1

351,4

176,8

Пастеризацияланган сүт, литр

100

79,6

154,8

78,5

Жумуртка, ондук

100

88,4

120,9

101,6

Биринчи сорттогу буудай уну

100

98,4

153,1

90,6

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

56,0

237,3

122,7

Картошка

100

78,9

147,4

105,3

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

411,2

834,1

1 983,9

888,5

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен

Уйдун эти

59,5

131,9

190,2

181,2

Койдун эти

65,1

129,1

153,9

-

Ак (каймак) май

78,2

91,2

103,7

100,9

Пастеризацияланган сүт, литр

430,8

1 125,8

1 299,0

1 258,2

Жумуртка, ондук

309,7

726,7

1 192,6

695,9

Биринчи сорттогу буудай уну

630,4

1 316,0

1 897,3

1 568,3

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

533,4

1 987,4

1 048,3

989,8

Картошка

1 049,2

2 762,6

3 340,0

2 272,4

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 2022-ж октябрында - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2022-ж. сентябрында - Москва ш. боюнча.
2022-ж. III кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат. 

  

 

Баалардын статистикасы бөлүмү                  |e-mail: ceny@stat.kg;                      |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 21.12.2022, 11:33