Дүйнөлүк маалыматтар форумуна катышуу мезгилинде КР Улутстаткому менен КЭР Улутстатбюросунун кызматташуусу боюнча багыттар шартталды

Басылмалардын датасы: 10.05.2023


Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов БУУнун статистика бөлүмү жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросу (КЭР) тарабынан 2023-жылдын 24-28-апрелинде Ханчжоу шаарында уюштурулган Дүйнөлүк маалыматтар форумуна катышты.

Дүйнөлүк статистика тутумунун ири аянтчаларынын бири катары дүйнөлүк маалыматтар форуму 100дөн ашуун өлкөнүн 1000ден ашуун ири маалымат өндүрүүчүлөрүн жана колдонуучуларын бириктирет. Форумдун программасы 70тен ашык сессияларды жана параллелдүү иш-чараларды камтыды, анын ичинде төрт тематикалык багыт боюнча жогорку деңгээлдеги 6 пленардык сессия. Форумда туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк, туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн өз убагында жогорулатуу, камтуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн системалык жана инновациялык ыкмаларды колдонуу, маалыматтарга жана статистикага болгон ишенимди бекемдөө, маалыматтарды интеграциялоо жана расмий статистиканы өндүрүү үчүн маалыматтардын ар кандай булактарын пайдалануу маселелери, ошондой эле башка маселелер каралды. 

Форумга катышуу учурунда Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов КЭРдин Улуттук статистика бюросунун жетекчиси Кан Йи мырза менен расмий жолугушуу өткөрдү, КЭР Өкмөтү КЭРдин глобалдык транспорттук жана инвестициялык инфраструктураны түзүү боюнча “бир алкак, бир жол” демилгесин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бураарын белгиледи. Кан Йи мырза ошондой эле Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тыгыз жана коңшулук мамилелерди өзгөчө белгилеп, расмий статистика жаатында активдүү кызматташууну баштоону сунуштады. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов Кыргыз Республикасынын Улутстаткому кесиптештери менен кызматташууга даяр жана кубанычта болорун белгиледи. Төрага КЭР Улуттук статистика бюросундагы кесиптештеринин электрондук соода статистикасын, МКТ статистикасын эсепке алуу методологиясын иштеп чыгуу, мобилдик байланыш операторлорунун маалыматтарын пайдалануу жана башка маселелер боюнча алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө макулдугун билдирди. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун адистеринин жогоруда аталган темалар боюнча тажрыйба алмашуу үчүн жакынкы арада КЭРдин Улуттук статистика бюросуна баруусу шартталды. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 6-февралында эки ведомствонун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Б. Ж. Кудайбергенов ошондой эле Россия, Тажикстан, Грузия статистикалык кызматтарынын, БУУнун статистикалык бөлүмүнүн, БУУ АТОЭСКИнин жетекчилери менен тажрыйба алмашуу жана статистикалык тутумду модернизациялоо ишинде кызматташтыкты жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо, ошондой эле республиканын улуттук статистикасын андан ары өнүктүрүү үчүн техникалык жана консультациялык жардам алуу максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Акыркы жаңылоо: 11.05.2023, 09:50