Жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу артта калды

Басылмалардын датасы: 13.05.2023


Апрель айында белгиленген туруксуз аба ырайынын шарттары (абанын табы төмөндөп, улам жааган жамгыр) жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүнө алып келди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата республика боюнча жалпысынан 414 миң гектарга  жаздык өсүмдүктөр себилди, бул былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 12 миң гектарга же 3 пайызга аз.

Жаздык өсүмдүктөр Чүй облусунун чарбаларында эң көп аянтка себилди, бул үстүбүздөгү жылдын жазгы себүүлөрүнүн жалпы аянтынын 42 пайызын түздү,  ал эми Ош облусу – 19 пайызды, Жалал-Абад облусу – 15 пайызды жана Ысык-Көл облусу 13 ушундай эле пайызды түздү.

23-апрелге карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча  себилиши

 

Себилди - бардыгы,

миң гектар

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата

Жыйынтыкка

2022

2023

пайыз менен

Кыргыз Республикасы

       426,7

414,2

97,1

100

Баткен облусу

27,3

26,9

98,6

6,5

Жалал-Абад облусу

66,2

62,6

94,5

15,1

Ысык-Көл облусу

58,5

54,4

93,0

13,1

Нарын облусу

7,4

4,7

63,1

1,1

Ош облусу

76,3

80,3

105,2

19,4

Талас облусу

10,6

9,8

92,1

2,4

Чүй облусу

178,4

173,5

97,3

41,9

Ош ш.

2,0

2,1

109,2

0,5

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата жаздык буудайдын айдоо аянты 2022-жылдагы  жаздык буудай аянтына салыштырмалуу  79 пайызды,  жаздык арпа - 76 пайызды, пахта – 73  пайызды, дан жүгөрүсү – 67 пайызды, май өсүмдүктөрү – 54 пайызды, көп жылдык чөптөр – 56 пайызды, жашылча - 45 пайызды жана картошка 35 пайызды түздү.

23-апрелге карата жаздык өсүмдүктөрдүн түрлөр боюнча себилиши

 

 

Себилди -

бардыгы, миң гектар

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата

2022-жылы жаздык   өсүмдүктөр себилген аянтка карата

2022

2023

пайыз менен

Бардыгы

      анын ичинен:

426,7

414,2

97,1

60,6

  буудай

87,1

80,9

92,9

78,5

  арпа

176,1

 171,0

97,1

76,1

  дандык жүгөрү

62,8

65,8

104,8

67,2

  картошка

16,7

16,6

99,2

35,3

  жашылчалар

17,1

14,9

87,0

45,1

  май өсүмдүктөрү

11,3

9,5

84,6

54,4

  пахта

18,1

          15,7

87,0

72,7

  кант кызылчасы

7,1

11,5

162,2

128,4

  көп жылдык чөптөр

18,5

18,4

99,5

55,8

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү  тарабынан 69 миң гектар аянттагы күздүк эгиндер азыктандырылды жана 398 миң гектарга жакын жазгы айдоо аянты айдалды.

 


Айыл чарба статистикасы бөлүмү         | e-mail: gmursabekova@stat.kg;            | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.05.2023, 14:11