2023-жылдын январь-апрелинде ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 13.05.2023


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-апрелинде өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 4,4 % жогорулоо менен 264,5 млрд. сомду түздү.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүү, жана кызмат көрсөтүү тармактары тарабынан камсыздалды. Ушуну менен бирге, товардык өндүрүү тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3,6 %, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,8 % жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (51,9 %) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-апрелинен 0,3 пайыздык пунктка көп, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде 3,0 пайыздык пунктка  төмөндөдү жана 27,7 % түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка,  айыл чарбасынын үлүшү - 0,8 пайыздык пунктка жана курулуштун үлүшү - 0,5 пайыздык пунктка азайды.

2023-жылдын январь-апрелинде экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

ИДП

264 519,3

104,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

73 157,7

103,6

30,7

27,7

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

16 217,5

102,0

6,9

6,1

Өнөр жай

47 411,7

104,2

19,7

18,0

Пайдалуу кендерди казуу

7 377,0

112,7

3,2

2,8

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

33 336,0

103,2

13,5

12,6

Электр энергия, газ, буу жана

 

 

 

 

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

6 009,7

100,4

2,7

2,3

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

689,0

93,1

0,3

0,3

Курулуш

9 528,5

103,5

4,1

3,6

Кызмат көрсөтүү тармактары

137 477,9

104,8

51,6

51,9

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

37 138,3

111,6

14,0

14,0

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

11 121,8

105,1

4,7

4,2

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

3 306,8

128,2

1,0

1,2

Маалымат жана байланыш

7 642,4

108,6

3,2

2,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

78 268,6

100,3

28,7

29,6

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

53 883,7

104,4

17,7

20,4

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.+996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.05.2023, 13:36