2022-жылдын январь-февралында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 10.03.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-февралында өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 2,0 пайызга көбөйү, 90 млрд. сомдон ашты. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 86 млрд. сомдон ашты жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,8 пайызга көбөйдү.

ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. 2021-жылдын январь-февралында кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн өсүү темпи 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга төмөндөсө, үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 2021-жылдын январь-февралына салыштырмалуу тескерисинче 3,8 пайызга көбөйгөн. Муну менен катар товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 0,6 пайызга (2021-жылдын январында - 13,7 пайызга) төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,4 пайыз) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка аз, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь-февралда 3,2 пайызга  төмөндөп, 32,4 пайызды түзгөн. Муну менен бирге ИДПнын түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыздык пунктка,  айыл чарбасынын үлүшү - 0,4 пайызга жана курулуштун үлүшү - 0,3 пайызга азайган.

2022-жылдын январь-февралындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

       

2021                     2022

ИДП

90 412,7

102,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

29 218,5

99,4

35,6

32,4

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

 

7 307,0

 

102,0

 

8,5

 

8,1

Өнөр жай

18 802,9

98,0

23,3

20,8

Пайдалуу кендерди казуу

2 815,3

98,4

1,7

3,1

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

 

10 754,8

 

101,0

 

14,9

 

11,9

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

 

4 908,1

 

90,9

 

6,3

 

5,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

 

 

324,7

 

 

99,1

 

 

0,4

 

 

0,4

Курулуш

3 108,6

101,9

3,8

3,5

Кызмат көрсөтүү тармактары

41 153,4

103,8

49,5

45,4

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

 

13 028,8

 

106,0

 

14,2

 

14,4

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

 

3 888,4

 

112,9

 

4,4

 

4,3

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

 

941,8

 

108,8

 

1,0

 

1,0

Маалымат жана байланыш

3 078,4

113,3

3,7

3,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

20 216,0

99,6

26,2

22,3

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

 

20 40,8

 

102,0

 

14,9

 

22,2

__________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.03.2022, 16:22