2024-жылдын январь-февраль айларында негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалды

Басылмалардын датасы: 12.03.2024


2024-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукттун көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 155,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 8,6 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январь-февралында 74,4 миллиард сомду түздү жана 2023-жылдын январь-февралына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (1,6 эсеге), резина жана пластмасса буюмдардын,  курулуш материалдардын (30,3 пайызга), химиялык продукциялардын (27,7 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (16,8 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (16,3 пайызга), ошондой эле негизги металлдардын (11,1 пайызга) өндүрүү көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 7,8 - пайызгы өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Оң тенденциялар курулушта байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 39,5 пайызды, дүң жана чекене соода 22,9 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы 1,4 пайызды түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын февралында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 1,0 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 1,6 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 1,0 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер-2,6 пайызга жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче, 0,3 пайызга төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) Чүй облусун (0,5 пайызга төмөндөө) жана Жалал-Абад облусун (0,2 пайызга төмөндөө) кошпогондо республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленген. Мында баалардын максималдуу өсүшү (1,5 пайыз) Бишкек шаарында белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (4,0 пайызга) жогору болушу  менен шартталган.  

2024-жылдын январында Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,2 млрд.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу 36,8 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 35,1 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 278,3 млн.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу 4,0 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (70,0 пайыз) жана Казакстанга (27,6 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2023-жылы АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫНЫН ӨНДҮРҮЛҮШҮ

2. 2019-2023-жылдардагы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү негизги тенденциялар тууралуу

 


Акыркы жаңылоо: 12.03.2024, 11:34