Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында экономикада өсүш 2 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 10.03.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларындагы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 90 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2021-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 2,0 пайызга жогорулады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында ИДПнын көлөмү 86 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2,8 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-февраль айларына карата 47 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 1,5 пайызга төмөндөдү, буга себеп химиялык продукциялардын (11, 0 пайызга), резина жана пластмастык буюмдар, башка метал эмес минералдык продуктар (9,0 пайызга), негизги металлдар жана даяр металлдык буюмдар, унаа жана жабдыктарды кошпогондо (1,4 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алынуучу урандыларды өндүрүү көлөмүнүн азайышына байланыштуу (1,6 пайызга).

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 1,9 пайызга, айыл чарбасында – 2,0 пайызга жогорулап, дүң жана чекене соода жүгүртүүдө 6,3 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында  (өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,7 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 1,8 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 4,4 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 1,1 пайызга,  калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 1,1 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Ушул жылдын январь-февраль айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектелүүчү баалардын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалган. Ошол эле учурда алардын максималдуу өсүүсү (2,6 пайызга) Нарын облусунда катталды. Буга аймактагы алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалардын башка аймактарга салыштырмалуу өсүшү (10,0 пайызга) себеп болду.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 660,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 эсе көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 18,1 пайызга жогорулады, импорттук келип түшүүлөр 2 эсе жогорулады.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 265, 0 млн. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь айына салыштырганда 1,5 эсе өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,8 эсе, импорттук келип түшүүлөр 1,4 эсе жогорулады. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь айына карата Орусияга (71,3 пайыз) жана Казакстанга (27,0 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт

       

______________________________________________________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Акыркы жаңылоо: 10.03.2022, 11:14