2024-жылдын январь-мартында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 11.04.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-мартында өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 8,8% жогорулоо менен 248,8 млрд. сомду түздү.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-мартына салыштырмалуу 10,2%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 8,0% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 9,0% жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (50,7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,7 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,5 пайыздык пунктка жогорулап 27,9% түздү. Мында курулуштун үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка, өнөр жай 0,8 пайыздык пунктка жогорулаган, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,5 пайыздык пунктка кыскарган.

2024-жылдын январь-мартындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2023

2024

ИДП

248 821,6

108,8

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

69 067,8

110,2

26,4

27,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

11 824,0

101,4

5,3

4,8

Өнөр жай

46 152,6

104,7

17,8

18,6

Пайдалуу кендерди казуу

5 436,1

94,8

2,1

2,2

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

33 620,5

105,1

13,0

13,5

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба       менен камсыздоо (жабдуу)

6 386,5

108,8

2,5

2,6

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

709,5

129,1

0,2

0,3

Курулуш

11 091,2

153,8

3,3

4,5

Кызмат көрсөтүү тармактары

126 518,0

108,0

54,4

50,7

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

29 351,6

119,1

11,1

11,8

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

8 354,4

105,7

3,3

3,3

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

3 153,1

117,9

1,2

1,3

Маалымат жана байланыш

6 128,5

108,2

2,6

2,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

79 530,4

104,4

36,2

31,9

Продукттарга болгон таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

53 235,8

109,0

19,2

21,4

Эскертүү: Маалыматтар, 2008 жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.04.2024, 14:29