2021-жылдын январь-мартынын жыйынтыктары боюнча экономикалык төмөндөө темпи 9 пайыздан ашык түздү

Басылмалардын датасы: 13.04.2021


Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде, Улуттук статистикалык комитетте республиканын 2021-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болуп өттү.
Ички дүң продукт 2021-жылдын январь-март айларында алдын-ала эсептөөлөр боюнча 118 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 9,4 пайызга төмөндөгөн.
«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда, 2021-жылдын январь-март айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 106 миллиард сомду түзүп, 4,5 пайызга төмөндөгөн.

  Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январь-март айларында 73 миллиардга жакын сомду түздү жана былтыркы жылдын январь-мартына салыштырмалуу машиналар менен жабдууларды кошпогондо (38,4 пайызга), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү көлөмүнүн азайышынан 17,9 пайызга төмөндөдү, химия өнүмдөрү (27,8 пайызга), текстиль, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдары (14,6 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда (18,1 пайызга).

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта терс тенденциялар байкалган, анда көлөмдүн төмөндөшү 19,8 пайызды, дүң жана чекене соода жүгүртүү 11,4 пайызды түзгөн, ошол эле учурда, айыл чарбасы тескерисинче, көлөмдүн 0,9 пайызга жогорулагандыгын түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 3,2 пайызды түздү.
Ошол эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар 5,4 пайызга, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга - 4,3 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 2,0 пайызга, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 0,5 пайызга жогорулаган.
Ушул мезгил аралыгында, кумшекер 19,3 пайызга, картошка - 14,0 пайызга, тооктун жумурткасы - 14,0 пайызга, жаңы жашылчалар - 14,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майлары - 9,4 пайызга, жаңы эт - 3,6 пайызга, бышырылган азыктар - 2,5 пайыз, нан - 2,3 пайыз, жаңы жемиштер - 2,1 пайызга болгон баалар өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалган.Ошол эле учурда, баалардын максималдуу өсүшү (4,4 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын (7,5 пайызга) кымбатташы менен шартталган.
2021-жылдын январь-февраль айларында Кыргыз Республикасынын товарлары менен тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 млн АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 18,3 пайызга төмөндөдү, ал эми экспорттук жеткирүүлөр 25,5  пайызга кыскартылды, импорттук түшүүлөр - 15,0  пайызга азайды..
2021-жылдын январь-февралында Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  393 млн. жакын АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 12,9 пайызга азайды. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 17,1 пайызга ал эми импорттук келип түшүүлөр 11,6 пайызга кыскартылды.
 Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,7 пайызы) жана Казакстанга (29,3 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы
 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар:

2020-ж КР туз чет элдик туз инвестициялардын келип тушуусу 

2020-ж КР туризмдин абалы 

2020-ж калкка микрокредит беруу

 

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, 625 662, 625 559
e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 14.04.2021, 09:23