2016-жылдын январь-ноябрында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүүсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 13.12.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн    инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январь-ноябрында 111 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 6,3 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 5,7 пайызга, тышкы булактардын эсебинен 7,2 пайызга көбөйдү.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 74 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында 717,4 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү  мезгилине салыштырмалуу 5,7 пайызга көп.

______________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын

 инвестиция статистикасы бөлүмү           |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.12.2016, 10:58