Январь-ноябрындагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды

Басылмалардын датасы: 12.12.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-ноябрында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7% өсүү менен 781 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,8% өсүп, 426,3 млрд. сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,7% жогорулады, ошол эле убакта, 2021-жылдын январь-ноябрында, тескерисинче, алардын 2,3% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,4% өстү (2021-жылдын январь-ноябрында 6,5% өскөн).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,5%) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 1,5 пайыздык пунктка өскөн. Ошол эле убакта, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,5 пайыздык пунктка төмөндөп 38,6% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу ИДПнын түзүмүндөгү айыл чарбасынын үлүшү 2,6 пайыздык пунктка,  курулуштун - 0,6 пайыздык пунктка жана өнөр жайдын үлүшү - 0,3 пайыздык пунктка кыскарды.

2022-жылдын январь-ноябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2021

2022

ИДП

781 388,7

107,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

301 888,9

109,7

42,1

38,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

105 838,9

106,4

16,1

13,5

Өнөр жай

141 966,7

114,4

18,5

18,2

Пайдалуу кендерди казуу

17 660,4

108,5

1,8

2,3

Иштетүү өндүрүшү
 (Иштетүү өнөр жайы)

104 274,6

120,5

13,7

13,3

Электр энергия, газ, буу жана
  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

18 115,8

90,1

2,7

2,3

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 915,9

91,3

0,3

0,3

Курулуш

54 083,3

105,3

7,5

6,9

Кызмат көрсөтүү тармактары

355 225,6

104,4

44,0

45,5

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

127 426,0

106,8

16,3

16,3

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

27 686,4

110,4

3,7

3,6

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

9 785,0

119,8

1,1

1,3

Маалымат жана байланыш

18 177,6

106,2

2,7

2,3

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

172 150,6

100,3

20,2

22,0

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

124 274,2

107,0

13,9

15,9

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;  тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.12.2022, 13:43