2023-жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешелеринин өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 22.02.2024


Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 576,3  млрд. сомду түздү жана 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24 пайызга көбөйдү.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери
(млн. сом)

 

Бардыгы

анын ичинде

 

эмгек ишмердигинен түшкөн
киреше

социалдык трансферттер

жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешелер

башка акчалай түшүүлөр

 
 

2022

 

 

 

 

 

 

Январь-март

149 193,3

101 158,5

20 354,1

21 046,8

6 633,8

 

Январь-июнь

307 153,5

217 146,1

41 533,5

36 579,1

11 894,8

 

Январь-сентябрь

464 327,5

331 592,7

61 834,0

53 534,4

17 366,4

 

Январь-декабрь

637 083,1

450 421,5

87 394,5

74 445,6

24 821,4

 

2023

 

 

 

 

 

 

Январь-март

180 154,5

127 507,5

25 666,2

21 400,8

5 580,0

 

Январь-июнь

369 337,0

265 906,6

51 402,7

40 298,3

11 729,4

 

Январь-сентябрь

576 308,5

421 805,1

77 465,7

57 762,2

19 275,4

 

2023-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 515,8 млрд. сомду түзүп, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2023-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 9 425 сомду түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23 пайызга көбөйдү.

 2023-жылдын январь-сентябрь айларында калктын адам башына эсептелген орточо акчалай кирешелери 
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө статистикасы башкармалыгынын   
үй чарба статистикасы  бөлүмү  e-mail: tmambetaliev@stat.kg; |  тел. + 996 (312) 324655

Үй чарба статистикасы  бөлүмү   | e-mail: bakmatova@stat.kg; |  тел. + 996 (312) 664164

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси). 

 


Акыркы жаңылоо: 22.02.2024, 15:15