Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда республиканын тышкы экономикалык ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү менен мүнөздөлдү
Басылмалардын датасы: 13.10.2015
Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсу алдын ала маалыматтар боюнча (бажы статистикасынын маалыматтарын кошо эсептегенде) 2015-ж. январь-августунда 3,6 млрд. АКШ долларын түздү.
Өткөн жылдын январь-августуна салыштырганда тышкы сооданын көлөмү жалпысынан 17 пайызга, анын ичинде экспорт - 3 пайызга, импорт - 21 пайызга кыскарды.
Алтынды эсептебегенде экспорттун көлөмү негизинен КМШ өлкөлөрүнө (26,9 пайызга) жана КМШдан тышкаркы өлкөлөргө (29,1 пайызга) товарларды жөнөтүүнүн азайышынын эсебинен 27,5 пайызга төмөндөдү. Муну менен бирге экспорттун жалпы көлөмүнүн азайышы химиялык жана ага байланыштуу өнөр жай тармактарынын продукцияларын, жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди, кийим жана ага тийешелүү буюмдарды жөнөтүүнүн кыскарышы менен шартталды.
Бирок, экспорттун көлөмүнүн жалпы төмөндөшүнө карабастан алтынды жөнөтүү өткөн жылдын январь-августуна салыштырганда 40,5 пайызга көбөйдү, ал эми алардын экспорттун товардык түзүмүндөгү үлүшү 52 пайыздан көбүн түздү.
Товардык түзүмдөгү импорттук түшүүлөрдүн төмөндөшү машиналарды жана транспорт жабдууларын (2,5 эсеге), текстиль жана текстиль буюмдарын (34,2 пайызга), ошондой эле жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдарын (45,2 пайызга) ташып келүүнүн көлөмүнүн азайышынын эсебинен байкалды.
____________________________________________________________________________________________________________
Тышкы экономикалык
ишмердик статистикасы | e-mail:gsulaimanova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324726
бөлүмү | e-mail:g.shayahmetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324637
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).