Кыргыз Республикасынын Демографиялык жылдыгы - 2010-2014 басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 07.10.2015


Кыргыз Республикасынын Демографиялык жылдыгы - 2010-2014 басылып чыкты. Басылмада республиканын заманбап административдик-аймактык түзүлүшү, калктын санынын өзгөрүлүшү, калктын жыныстык-курактык жана улуттук курамы, аймактар боюнча жайгашышы, төрөт жана өлүм, калктын өлүмүнүн себептери, никелешүү жана ажырашуу, миграция процесстери жөнүндө маалыматтар камтылган.

Жыйнакта ошондой эле жалпысынан калктын көбөйүү процесстерин – төрөлүүнүн жалпыланган коэффициентин, төрөлгөндөгү жашоонун күтүлүүчү узактыгын жана белгиленген куракка чыккан адамдардын жашоосунун узактыгын мүнөздөгөн жалпылоочу демографиялык көрсөткүчтөр берилген.

Демографиялык жылдык маалыматтар булактарынын жана аларды алуу тартибинин кыскача мүнөздөмөсүн, басылмалык көрсөткүчтөрдүн эсебинин эрежесин камтыйт (кененирээк “Басылмалар” бөлүмүнөн караңыз).

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылыңыздар.

________________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү  |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.10.2015, 15:08