“Бишкек” статистикалык маалымдамасы басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 06.10.2015


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы Бишкек шаарынын бир катар жылдардын ичиндеги социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды камтыган “Бишкек” кыскача статистикалык маалымдамасын басып чыгарды.

Маалымдамада шаардын калкы, калктын иш менен камсыз болушу жана жашоо деңгээли, социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөр, ошондой эле экономиканын айрым секторлорундагы абалдар жөнүндө маалыматтар берилди.   

Маалымдаманы сатып алуу маселеси боюнча Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын статистикалык маалыматтарды топтоо жана талдоо бөлүмүнө  +996 312 663846 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

_________________________________________________________________________________________________________
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 06.10.2015, 16:41