«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы» статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 19.12.2016


«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы» статистикалык басылмасында 2011-2015-жж. Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилеринин, токой жана балык чарба ишканаларынын саны,  айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулук продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү, айыл чарба продукциясынын өндүрүшү, анын сатылып өткөрүлүшү жана айыл чарбада эмгектенген жумушчулардын саны жөнүндө маалыматтар чагылдырылды.

Басылма республика боюнча жана аймактардагы айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук боюнча кененирээк статистикалык маалыматтарды камтыган тиркемелер менен толукталды. Кененирээк «Басылмалар» бөлүмүнөн караңыздар.   

___________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын

 айыл чарба статистикасы бөлүмү

e-mail:gmursabekova@stat.kg; тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 19.12.2016, 14:15