Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди

Басылмалардын датасы: 10.08.2021


Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52% га аз дан бастырылды.

Ушул жылдын 23-июлуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата

 

2020

2021

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречиханы кошпогондо), миң га

238,5

230,7

- 7,8

96,7

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

596,2

284,8

- 311,4

47,8

1 гектардан, ц

25,0

12,3

- 12,7

49,2

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

321,9

169,3

- 152,6

52,6

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

273,5

115,1

- 158,3

42,1

Казылган картошка аянты, миң га

9,2

8,5

- 0,7

92,9

Жыйналган картошка, миң т

144,0

134,9

- 9,1

93,7

Жыйналган жашылча  өсүмдүктөрү , миң т

259,1

280,3

21,2

108,2

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү , миң т

108,7

105,0

- 3,7

96,5

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң т

58,7

40,4

- 18,3

68,8

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы - 41,4%га, арпа - 57,9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 31,2%га, картошка - 6,3%га жана бакча өсүмдүктөрү - 3,5%га кыскарды.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8,2%) олуттуу өскөнү белгиленди.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 10.08.2021, 10:48