Улутстаткомдун айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы ШКУ «Run the Silk Road — 2023» марафонунда экинчи орунду ээледи

Басылмалардын датасы: 15.05.2023


2023-жылы 13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУ «Run the Silk Road — 2023» эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү. 
Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлдү. Ага 22 дүйнө өлкөлөрүнөн 3000ден ашык спортчу катышты. 
Улутстаткомдун өкүлү Гульзейнеп Мурсабекова 21 километр аралыкты 2 саат 22 минутада ийгиликтүү басып өттү. Гульзейнеп Мурсабекова  54-64 жаш категориясында экинчи орунду ээлеп, сыйлыкка ээ болду. Белгилей кетсек, биздин кесиптешибиз марафондорго жыл сайын катышып келет.


Акыркы жаңылоо: 16.05.2023, 08:37