Кыргызстан биринчи жолу PARIS21 толук кандуу мүчөсү болуп шайланды

Басылмалардын датасы: 05.04.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Акылбек Султанов, ушул күндөрү Швейцариянын Берн шаарында өтүп жаткан PARIS21 Концорциумунун ишине катышууда.   

PARIS21 Концорциумунун ишине дүйнөнүн 55 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Бул жолугушууда Кыргызстан биринчи жолу Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн атынан 2020-жылга чейин PARIS21 Концорциумунун толук кандуу мүчөсү болуп шайланды.

PARIS21 Концорциумунун Кеңешинде чыгып сүйлөө менен, А.Султанов Кыргыз Республикасында мамлекет башчысынын деңгээлинде Туруктуу Өнүктүрүүнүн Максаттарына өзгөчө көңүл бөлүнүп, 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти менен Туруктуу Өнүктүрүү Максаттарын ишке ашыруунун чегинде “Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгы жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, жакында Туруктуу Өнүктүрүүнүн Максаттарынын көрсөткүчтөрүнө байкоо жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Кеңешинин отуруму болору жөнүндө айтты.

Ал ошондой эле, “Расмий статистика жөнүндөгү” мыйзамды жылдыруу жана Кыргыз Республикасында Туруктуу Өнүктүрүүнүн Максаттарына байкоо жүргүзүү жана талдоо үчүн АДАПТ программалык камсыздоосун ишке киргизүү боюнча колдоо сурады.

 


Акыркы жаңылоо: 06.04.2018, 09:31