Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 17.03.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушту Жолугушуу маалында тараптар алдыдагы Бишкек шаарында да өтчү эл жана турак-жай фондун каттоо маселесин талкуулашты.

Улутстаткомдун төрагасы Б. Кудайбергенов эл жана турак-жай фондду каттоо боюнча даярдык иштери бекитилген Календарлык планга ылайык жүрүп жаткандыгын билдирип, бул мамлекеттик кампанияны сапаттуу өткөрүү үчүн биргеликте иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.

Калаа башчысы маалымдагандай, муниципалитет жана райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бул масштабдуу иш-чаранын даярдык иштерине көмөк көрсөтүшөт. Каттоо органдары тиешелүү имараттар, техникалык каражаттар, байланыш каражаттары, эмеректер менен толук камсыздалды. Борбор калаанын бардык райондорунда каттоого тартылуучу персоналдарды кабыл алуу иштери жыйынтыкталды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлөт. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен         2-майына чейин жүргүзүлөт жана ал биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта өткөрүлөт.


Акыркы жаңылоо: 17.03.2022, 13:10