Улутстаткомдо сапатты башкаруу системасын практикага киргизүү боюнча маселелер каралды

Басылмалардын датасы: 04.04.2024


Улутстатком Дүйнөлүк банктын "Салык башкарууну жана статистика системасын модернизациялоо" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын расмий статистикасынын 2024-жылга жана 2025-жылдын жарым жылдыгына карата сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн жол картасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө семинарларды өткөрдү.

Статистикалык өндүрүш процесстеринин заманбап моделинин (GSPBM) концепциясын Улутстаткомдун практикалык ишмердигинде жана шарттарында колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселелер каралды.

Жаңы модель Улутстаткомдун өндүрүштүк процесстерин, анкеталарды иштеп чыгуу ыкмаларын жана процесстерин, методологиясын, маалыматтарды чогултууну, IT-кызмат көрсөтүүлөрдү кайталап пайдалануунун, маалыматтарды редакциялоонун жана жайылтуунун негизинде стандартташтыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Семинардын жүрүшүндө БУУнун расмий статистиканын сапатын камсыздоонун Улуттук базалык принциптери боюнча колдонмосунун негизинде (NQAF) Улутстаткомдун адистеринин арасында өзүн-өзү баалоо боюнча фокус-топтук дискуссиялар өткөрүлдү.

Семинардын ишине эл аралык эксперт Реми Пруаль, Улутстаткомдун борбордук аппаратынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

https://www.stat.kg/ru/about/kachestvo-statistiki/

 


Акыркы жаңылоо: 04.04.2024, 11:36