Улутстаткомдо мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү - фото

Басылмалардын датасы: 22.09.2017


Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мамлекеттик тил күнүнө карата сөз сүйлөө менен, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов улуу кыргыздардын көп кылымдык тарыхын, маданиятын жана салттарын алып жүрүүчү кыргыз тилинин өзгөчө маанисин белгиледи.

Майрамдык иш-чарада борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн командаларынын ортосунда малекеттик тил күнүнө арналган ырларды жана бийлерди аткаруу боюнча сынак өткөрүлдү. Ошондой эле, сынактар жакшы дубал гезитке жана улуттук тамактарды жакшы даярдоого өткөрүлдү.

Мындан тышкары, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча аткарган жумуштары бааланды. Сынактардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.

Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил күнү жыл сайын 23-сентябрда расмий белгиленет.


Акыркы жаңылоо: 27.09.2017, 11:10