Онлайн-окутуу

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорунун колдоосу менен Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте Улутсатком системасына жаңыдан ишке орношкон кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн «Кыргыз Республикасынын расмий статистика системасына киришүү» онлайн курсу иштелип чыкты.

Онлайн курс Улутстатком системасынын түшүнүгүн жана иштешин ачып берүүчү темаларды камтыйт, ошондой эле статистикалык көрсөткүчтөрдү өндүрүүдө колдонулган негизги түшүнүктөр, статистикалык отчеттуулукту түзүү процесси, эл аралык стандарттар жана маалыматтарды жайылтуу форматы боюнча маалымат каралган. Онлайн курс расмий статистика тармагындагы билимин өркүндөтүүнү каалагандардын бардыгы үчүн ачык режимде жеткиликтүү.

Методикалык сунуштар

"Кыргыз Республикасынын расмий статистика системасына киришүү" онлайн курсу боюнча өзүн өзү көзөмөлдөө боюнча суроолор жана тапшырмалар

1-Бөлүм. Кыргыз Республикасында расмий статистиканын системасын уюштуруу

2-Бөлүм. Кыргыз Республикасынын тармактык статистикасына, туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсө
ткүчтөрүнө  сереп салуу

3-Бөлүм. Статистикалык маалыматтарды жүргүзүүнүн үлгүсү

4-Бөлүм. Метамаалыматтар жана классификаторлор

5-Бөлүм: Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистри (СББМР)

6-Бөлүм: Статистика тармагындагы башка өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын тажрыйбасы жана практикасы, глобалдык милдеттери

7-Бөлүм. Жарыялоо, жайылтуу, ачык маалыматтарга байланыштуу маселелер, КР УСКнин сайты, статистикалык маалыматты жайылтууда купуялуулукту камсыз кылуу

Акыркы жаңылоо: 20.09.2023, 15:21