Алымкулова Эльмира Насипкуловна

Алымкулова Эльмира Насипкуловна

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси

 

1963-жылы 17-августта Кыргыз Республикасынын Токмок шаарында төрөлгөн.

1987-жылы Украинадагы Харковь коммуналдык курулуш инженерлери институтунун экономика жана шаар чарбасын уюштуруу адистигин бүтүргөн.

1981-жылдын мартынан 1982-жылдын августуна чейин Быстровкада сатуучу болуп иштеген.

1987-жылдын сентябрынан 1992-жылдын июнуна чейин Фрунзе шаарындагы Октябрь өндүрүштүк турак жай-эксплуатациялык трестинде экономист болуп эмгектенген.

1992-жылдын июнунан 1994-жылдын мартына чейин №8 Турак жай-эксплуатациялык башкармалыгында экономист болуп иштеген.

1996-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунда 1-категориядагы экономист, кадрлар бөлүмүнүн начальниги, бөлүм башчы кызматтарында эмгектенген.

2007-жылдын сентябрынан 2012-жылдын февралына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылдын февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси болуп дайындалган. 

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги”, “Статистиканын отличниги” төш белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Башкы эсептөө борборунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

 

“Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган.

Акыркы жаңылоо: 15.11.2015, 14:59